KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургүль Бакирова Нарын облусунун жергиликтүү соттору менен жолугушту

18 июня 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүль Бакирова Нарын облусуна болгон иш сапардын алкагында Нарын облустук сотунда жергиликтүү соттор менен жолугушуу өткөрдү.


Иш чарага Нарын облустук, шаардык жана райондук, Административдик  соттордун бардык судьялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Таалайбек Мукалаев, «Адилет сот» маалымат технологиялары боюнча мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу  Рустам  Шабыевдер катышышты.


Төрайым судьяларды ишти кароодо сапатына өзгөчө маани берүүгө чакырды. “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна ылайык Соттор кеңешине судьялардын кесиптик ишмердигинин сапатына баа берүү ыйгарым укугу берилип жаткандыгын айтты.


Бул деген ар бир судьянын караган иштеринин сапаты кылдат талданып, тийиштүү баа берилип турат дегенди түшүндүрөт. Азыркы учурда судьялардын ишинин сапатына жетишээрлик деңгээлде баа берилген жок. Төрайым  судьяларды кийинки мөөнөткө дайындоо, ротация жана кызматка дайындоодо алардын ишмердүүлүгүнүн сапаты эске алына тургандыгын билдирди.


Соттордун абийир кодексин, кынтыксыз аброюн сактоого өзгөчө көңүл бурушубуз керек”, — деди Н.Бакирова.


Баш мыйзамга ылайык, эми Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагаларын беш жылдык мөөнөткө дайындай тургандыгын билдирди. Төрагаларды дайындоодо  алардын ишти кароодогу сапаты, лидерлик жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы өзгөчө карала тургандыгын маалымдады.


Жогорку соттун төрайымы жаңы Конституцияга ылайык, сот системасына тиешелүү болгон мыйзамдар шайкеш келтирилип жаткандыгын айтты. Буга чейин республиканын бардык сотторунан  сунуш-пикирлер келип түшүп, жумушчу топ аларды анализдеп, Жогорку Кеңешке беш мыйзам жөнөтүлгөндүгүн кабарлады.


Төрайым жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеште доклад менен чыгып, соттордун алдыдагы иш аракеттери туурасында маалымат бергендигин айтты.


Жазык жана жазык-процессуалдык кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, ага биринчи,экинчи инстанциядагы жана Жогорку соттон  судьялар киргендигин белгиледи.


Мындан тышкары төрайым  жалпы сот тутуму чогулткан каражатты Баткен окуяларында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө тапшырып келгендигин маалымдады. Бул саамалыкка Нарын облусунун жергиликтүү соттору дагы катышып, өз салымдарын кошкондугун айтты.


Резонанстуу иштерди кароодо мөөнөтү бузулуп жаткандыгы боюнча нааразычылыктар бар экендигин айтып, ишти создуктурбай, процессуалдык мөөнөтүн сактоо менен кароо керек экендигин талап кылды.


Судьялардын жүрүм-туруму, ишке болгон мамилени оңдоо зарыл экендигин кошумчалады.


Жергиликтүү соттор буга чейин кыскартылып  кеткен судьялардын жардамчыларынын штаттык орундары туурасында маселени көтөрүштү. Нургүль Бакирова судьяларга жардамчыларды кайра кайтаруу боюнча алгылыктуу иштер башталгандыгын билдирди.


Төрайымдын буйругу менен  атайын жумушчу топ түзүлүп, өз корутундусун чыгарган. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жумушчу топтун корутундусун изилдеп чыгып, анын жүйөлөрүнө макул болуп, судьялардын жардамчыларынын кызмат орундарын көбөйтүү боюнча  чечим кабыл алгандыгын билдирди.


Сот аткаруучулар жана  сот приставдары туурасында маселени көтөрүп, сот адилеттүүлүгүнө жетишүү үчүн сот тутумунун бардык бөлүмдөрү биримдикте иштеши керек экендигин айтты. Алардын даярдык, техникалык камсыздоо, эмгек акы маселелерин чечип берүү боюнча аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.


Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө Нарын облустук сотунун  имараты эки кабаттуу болуп, ар бир сот кызматкеринин өзүнчө бөлмөлөрү, архив, эки сот отурум залы, жашы жете элек балдардын бөлмөсү жана медиаторлор үчүн дагы бөлмө каралган.


Соттордун, сот кызматкерлеринин жана жарандардын коопсуздуктары үчүн шарттар каралып, бардык заманбап талаптарына жооп берет.


Ал эми  “Жашыл сот” аталыштагы сот органдарынын арасында өткөрүлгөн сынакка  Нарын  областынан райондук, шаардык жана административдик соттор катышкан. Иш чарага активдүү катышып,  айлана –тегерегин ирээтке келтиргендиги үчүн Ак-Талаа райондук соту биринчи орунду ээлеген болчу. “Жашыл сот” акциясынын алкагында  соттун имаратынын алдындагы аянтка  ар түрдү гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуп, тазалоо жана жыйноо иш чарасын мыкты деңгээлде жүргүзүшкөндүгү үчүн Жумгал райондук соту экинчи орунга татыктуу деп табылган. Ал эми үчүнчү орунду ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн Нарын райондук соту татыктуу деп табылган.


Бүгүн Нургүль Бакирова Жогорку соттун атынан  жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып, иштеринде ийгиликтерди каалады.


Ошондой эле сот системасындагы иштерге активдүү катышып, өз салымын кошкондугу жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы  үчүн Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белековго Жогорку соттун төрайымынын Алкыш баракчасы берилди.