KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Аксы районунда жаратылыш кырсыгынан каза болгондорго куран окутуп, жакындарына сот тутумунун атынан жардам көрсөттү

31 июля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Аксы районунда болуп, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон тургундардын жакындары менен жолугушту.  Жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жалпы сот тутумунун атынан көңүл айтты.


Белгилүү болгондой,  2021-жылдын 20-июлунда Аксы районунун Ак-Жол жана Жаӊы-Жол айыл аймактарында сел жүрүп,  Ак-Жол айыл аймагынан 7 адам жана Жаңы-Жол айыл аймагынан 1 адам каза болгон.


Мындан тышкары,  Сузак районунун Кара-Дарыя, Серный жана Достук айыл аймактарында дагы  сел жүрүп, анын кесепетинен  6 жаштагы Арууке Манапова көз жумган.


Нургуль Бакирова кырсыктан каза болгондорго багыштап куран окутуп,  үй-бүлө мүчөлөрүнө сот тутумунун атынан материалдык жардамдарды тапшырды.