KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Тогуз-Торо райондук сотунун жаңы имаратынын ачылышына катышты

30 июля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 30-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Тогуз-Торо райондук сотунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.


Нургуль Бакированы  жеринде Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Улукбек Калыбаев, Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбеков,  Тогуз-Торо районунун акими  Мирлан Карагулов, ошондой эле Жалал-Абад облусунун райондук жана шаардык сотторунун төрагалары, судьялар жана Тогуз-Торо районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.


Жаңы имараттын расмий ачылышында Нургуль Бакирова Тогуз-Торо району  үчүн гана эмес, жалпы сот тутуму үчүн чоң жетишкендик жана тарыхый күн болуп жатканын айтты.


Төрайым жаңы имаратка кирип жатышкан жамаатты куттуктап, мекеме  ак жолтой болуп, адилеттүүлүктүн үйү болсун деген  тилегин билдирди.


“ Сот адилеттеги коомдун өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт. Соттордун акыйкат чечимдери элдин мамлекеттик бийликке ишенимин бекемдеп, мамлекетте стабилдүүлүктүн орун алышына өбөлгө түзөт. Анткени ар бир судья өз чечимин Кыргыз Республикасынын атынан чыгарат. Бул өтө бийик жоопкерчилик. Мындай жооптуу милдетти аткарууда судьяларга өзгөчө статус берилген. Биз судьянын статусун коргонуу же жеңилдик эмес, тескерисинче бийик жоопкерчилик деп түшүнүүбүз керек”, -деди төрайым.


Бүгүнкү күндө имарат эки кабаттуу болуп, анын биринчи кабатында күзөт, сот аткаруучулар, жактоочулар жана прокурорлор үчүн бөлмөлөр, күтүү залы, жазык иштери боюнча сот отурум залы, жашы жете элек балдардын жана судьянын бөлмөсү, архив жайгашкан.


Ал эми экинчи кабатында комендант, судьялардын жардамчылары үчүн бөлмөлөр, судьянын жана төраганын бөлмөсү  орун алган.


Соттордун, сот кызматкерлеринин жана жарандардын коопсуздуктары үчүн шарттар каралып, бардык заманбап талаптарына жооп бере турган имарат ачылды.


Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Нематилла Каримбаев аталган сотто жалпысынан 2 судья жана 6  аппарат кызматкери бар экендигин айтты.


Жогорку соттун төрайымы жергиликтүү соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, алар менен маектешип, алдыдагы пландары менен бөлүштү жана алардын суроолоруна жооп берди.