Бүгүн, 2021-жылдын 11-апрелинде, таң эрте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаручуу Нүргүл Бакирова Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинде орун алган № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Белгилей кетсек, бүгүн өлкөбүздө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору үчүн референдумда добуш берүү өтүп жатат.