KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту

08 сентября 2021

Үстүбүздөгү жылдын 24 -сентябрында видеоконференция аркылуу өткөрүлө турган  Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кезектеги XVI Кеңешмесинин алдында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту.


Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө төрайым Нургуль Бакирова Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун, бул эки өлкөнүн ортосундагы ишенимге, салтка айланган достук жана жакшы коңшулук мамилелерге өбөлгө түзгөн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызмат кылганын белгиледи.


Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өлкөнүн сот адилеттигин өркүндөтүү үчүн Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасы жана жетишкендиктерине дайыма кызыгуу артып келээрин белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Бакирова сот тутумунун ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда  жетишилген жыйынтыктар жөнүндө, анын ичинде сот тутумунда санариптештирүүнү өнүктүрүү, автоматташтырылган маалымат системасын (АМС соту) киргизүү, аудио жана видео жазуулар системасы, иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү программасы  ийгиликтүү иштеп жаткандыгын  айтып берди.


Мындан тышкары, төрайым Кыргыз Республикасынын сот тутуму үчүн Кытай Эл Республикасы менен кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири бирдей укук колдонуу практикасын камсыз кылууга салым кошуп, достук мамилелерди тереңдетүүгө, конструктивдүү жана ишенимдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын Кеңешмесинин алкагында өз ара аракеттенүү экенин баса белгиледи.


Нургуль Бакирова алдыдагы жолугушуу ШКУ өлкөлөрүнүн Жогорку сотторунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого дагы бир салым болооруна ишенимин билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  Кытай Эл Республикасынын Элчилиги менен кызматташтыкты түзүүгө даярдыгын, ШКУнун алкагында кызматташтыкты күчөтүү үчүн бардык күч –аракетин  жумшоого даяр экендигин кошумчалады.


Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн Нургуль Бакированы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна  чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип,  мындан аркы кызматташуу боюнча баарлашууга кызыкдар экенин билдирди.


Элчи кыргыз элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап, эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташтыгына дагы 30 жыл толгондугун белгиледи.  Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда кылымдардан берки келе  жаткан достук мамилелер жаңы баскычка чыгып, өз ара байланыштар бекемделээрин кошумчалады.


Ду Дэвэн укуктук жактан дагы эки өлкөнүн кызматташтыгы бекем экендигин, эки мамлекеттин Жогорку сотторунун ортосундагы ишенимдүү кызматташтык улантылат деген ишенимин жасады.


Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын Кеңешмеси өз ара тажрыйба алмашууга, укуктук талаадагы мамилелерди мындан дагы жакшыртууга өбөлгө болоорун белгилешти.


Жолугушуунун соңунда тараптар бири-бирине сый белектерин тапшырып, кеңири кызматташтык жана терең байланыштар улантыла тургандыгын ырасташты.