KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Төрайым Нургуль Бакирова Аксы райондук сотунун кызматкерлери менен жолукту

31 июля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Аксы райондук сотунда болду.


Аксы райондук сотунун төрагасы Манасбек Дарманкулов төрайымды тосуп алып, соттун имараты жана ишмердүүлүгү менен тааныштырды.


Төрайым сот  системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, өзгөрүүлөр туурасында маалымат берди.


Райондук  соттун судьяларын  иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырды. Мындан тышкары иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.


Судьяларды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулук менен биргеликте иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган  бир катар  маанилүү маселелерге токтолду.  Ошону менен бирге сот кызматкерлерин жарандар менен иш алып барууда ар дайым сылык жана маданияттуу мамиле кылууга үндөдү.


Мындан мурдараак төрайым Нургуль Бакирова Жалал-Абад облусундагы алыскы Тогуз-Торо райондук сотунун жаңы имаратын ачууга катышкан.