KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунда болду

19 июня 2021

2021-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Суу райондук сотунун иши менен таанышты.


Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Русланбек Маматкулов жамааты менен Нургуль Бакированы жылуу тосуп алып, имараттагы иш бөлмөлөрдү көрсөтүп чыкты. Жолугушуу учурунда төрайым райондук соттун архиви, сот залдары, ошондой эле «Жашыл сот» өнөктүгү алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери менен таанышты. «Сот тутумундагы кызматкерлер коомубуздагы болуп жаткан бардык көрүнүштөргө кайдыгер болбошу керек. Эл менен тыгыз байланышта иштеши керек», — деди Н.Бакирова. Төрайым жергиликтүү соттун кызматкерлерине сот тутумундагы реформалар, эмгек акы, материалдык-техникалык камсыздоо маселелери тууралуу да жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө айтып берди.


Ак-Суу райондук сотунда үч судья, он үч кызматкер, үч сот аткаруучу, бир сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүмнүн иш кагаздарын алып баруучу жана төрт сот приставы эмгектенишет.

Нургуль Бакирова кызматкерлер менен жакындан таанышып, бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады. Судьялар менен аппарат кызматкерлерин ынтымакта иш алып барып, сотко келген тараптарга сылык-сыпайы мамиле кылып, эмгек тартибин бекем сактоого чакырды.

Соттун имаратында жарандык жана жзык иштерди кароо үчүн эки сот отурумунун залдары бар. Аталган эки сот отурумунун залдарында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулган. Мындан тышкары, соттун өндүрүшүнө келип түшкөн иштердин баары электрондук түрдө катталып, электрондук учеттук статистикалык карталар түзүлөт жана бардык иштер судьяларга автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт.


Ак-Суу райондук сотунун имаратында мамлекеттик алымдарды жана башка төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн банк терминалы орнотулган.


Белгилей кетсек, Ак-Суу райондук соту Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жарыяланган «Жашыл сот» аттуу сынакта Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун арасынан үчүнчү орунду ээлеген.


Мындан тышкары, 2020-жылы Ак-Суу райондук сотунун аймагында ишембиликтин алкагында соттун кызматкерлеринин өз күчү менен чатырча тургузулган.


Көрүлүп жаткан аракеттердин баары сот кызматкерлери жана сотко келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аткарылып келет.