KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Ысык-Көл облусунун судьялары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту

19 июня 2021

2021-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун конференц-залында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Ысык-Көл облусунун судьялары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда сот тутумундагы соңку реформалар, бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана түзөтүүлөр, кадрларды дайындоо маселелери каралды. Андан тышкары сот чечимдерин сапаттуу, адилеттүү жана өз учурунда кабыл алуу талабы коюлду.


«Соттор баардык иштерди кароодо жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Адамдын тагдырына байланыштуу чечимдерди кабыл алып жаткан соң иш каралып жатканда эмгек өргүүсүнө чыгып кетүү сыяктуу көрүнүштөрдөн карманыңыздар», — деди Нургуль Бакирова.


Ал эми соттордун көз карандысыз, адилеттүү жана мыйзамдуулуктун духунда гана иш алып барышы үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгү, Жогорку сот бир дагы соттун ишине кийилишпей турганы төрайымдын жергиликтүү сотторго болгон кайрылуусунда баса белгиленди.


Иш чарага Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Таалай Мукалаев, «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин башкаруучусу Рустам Шабыев, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров, Жети-Өгүз районунун акими Эсенгелди уулу Нургазы, Түп районунун акими Данияр Сатаров, Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары Кубанычбек Муратбеков катышышты.


Нургуль Бакирова жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп, эң башкысы сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда бирдиктүү тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташтыкты бекемдеп, биргелешип иш алып барууну жана коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууга болгон аракеттерди жумшап, мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.


Төрайым 5-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Конституциянын жаңы редакциясына кол койгондугун, ага ылайык сот тутумунун ишин жөнгө салган бардык мыйзамдар өзгөрүүгө дуушар болорун белгиледи.


Башка жергиликтүү соттор менен бирге эле Ысык-Көл облусунун сотторунан тийиштүү мыйзамдарга сунуш-пикирлер Жогорку сотко келип түшкөндүгүн, учурда жумушчу топ аларды талкуулап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизип жаткандыгын айтты.


Төрайым мыйзамдарга киргизилип жаткан бардык өзгөртүүлөр сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жакшыртууга жана соттордун көз карандысыздыгын бекемдөө үчүн шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи. Ошону менен бирге жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлеринин штаттык санын оптимизациялоо жүргүзүлгөндүгүн билдирди.


Сот приставдары менен сот аткаруучулардын ишин натыйжалуу алып баруу боюнча аракеттер көрүлүп, жакында тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунуштарын айтты.


Ысык-Көл облусундагы соттордун ишти кароодогу сапаты боюнча төрайым ар бир райондук жана шаардык соттордун ишине токтолуп, соттордун көрсөткүчтөрү жана судьялардын жүктөмдөрүн белгиледи.


Иштерди өз убагында, мыйзамда каралган мөөнөттө кароону тапшырып, эмгек жана аткаруу тартибин бекем сактоого чакырды.


Нургуль Бакирова жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен судьялардан түшкөн суроолорго жооп берип, мындай жолугушуулар улантыла тургандыгын айтты.


Жогорку сот уюштурган “Жашыл сот” сынагына өлкөнүн бардык соттору активдүү катышып, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүшкөндүгүн баса белгиледи. Соттор айлана-тегерегин гана ирээтке келтирбестен, өздөрүнүн жан дүйнөсү дагы таза, адилеттүү болушу керек экендигин эскертти.


Аталган сынакка активдүү катышып, биринчи орунду алган Каракол шаардык соту, экинчи орунду ээлеген Тоң райондук соту жана үчүнчү орунга татыктуу болгон Ак-Суу райондук сотторуна Жогорку соттун атайын белгилери менен алкыш баракчаларын тапшырды.