KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочулардын базасы жаңыртылды

22 июня 2020

Жакында юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочулардын базасы жаңыртылып, анын катары окуу курсунун 14 бүтүрүүчүсү менен толукталды.


Базада жалпысынан юридикалык өзгөчөлүгү бар 59 сурдокотормочу бар, алардын 42 — Бишкек, 14 — Ош, 2 — Талас жана бирөөсү Нарын шаарларында.


Окуу курсу майыптыгы бар адамдардын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана 2016-жылы түзүлгөн юридикалык өзгөчөлүгү бар сурдокотормочулардын базасын жаңыртуу максатында уюштурулган.


Аталган сурдокотормочулардын базасы Көзү азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМнин “КР укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында уюштурулуп, жаңыланып турат.


Жаңыртылган база Юстиция министрлигинин сайтында жайгаштырылган.