KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жарандык иштер боюнча экспертизаларды дайындоодо жана ɵткɵрүүдɵ келип чыккан кɵйгɵйлɵр талкууланды

06 декабря 2019

2019-жылдын 6-декабрында Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары —  Нургуль Асанованын катышуусу менен «Жарандык иштер боюнча экспертизаларды дайындоодо жана ɵткɵрүүдɵ келип чыккан кɵйгɵйлɵр» аттуу темадагы жумушчу жолугушуу ɵткɵрүлдү.


Жыйынга Бишкек шаардык сотунун жана райондук соттордун судьялары, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын жана Республикалык Соттук-медициналык экспертиза борборунун, «Эксперт-консультативдик борбору» ЖЧКсынын жана Кыргыз Республикасынын Соода — өнөр жай палатасынын ɵкүлдɵрү катышышты.


Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында соттор менен эксперттик мекемелердин ортосундагы маселелерди натыйжалуу чечүү боюнча сунуштар иштелип чыкты. Жолугушууда тараптар эксперттик-соттук ишмердүүлүгүндөгү маселелер тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу тренингдерин ɵткɵрүүнү макулдашышты. Мындан тышкары, мындай иш-чаралар келечекте дагы ɵткɵрүлүп тураарын  баса белгилешти.


Бишкек шаардык сотунун басма сɵз кызматы


А.Т. Жаасынова