KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Октябрь райондук сотунда аудио жана видео жазуулар боюнча пресс-тур болуп өттү

15 февраля 2019

2019-жылдын  15- февралында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  үчүн соттордогу аудио жана видео жазуулар кандай иштеп жаткандыгы  боюнча пресс-тур уюштурулду.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын  Президенттик  Аппаратынын  сот реформасы жана  мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев,  Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов,  Бишкек шаардык сотунун  төрайымы Ирина Воронцова, Бишкек шаардык  Октябрь райондук  сотунун төрагасы  Дамирбек Назаров жана “Адилет сот” маалымат технологиялар боюнча мекемесинин жетекчиси Александр Юрьев, ошондой эле  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык  уюмунун   (IDLO) директору   Фред Хьюстон  катышышты.


Пресс-турдун жүрүшүндө Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов республика боюнча  72 жергиликтүү сотттор, 159  сот жыйындар залы болсо,  анын ичинен  73  сот жыйындар залында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулгандыгын маалымдады. Анын айтымында, учурда  система республика боюнча тесттик режимде  иштеп, жыл соңуна чейин бардык соттордо   аудио жана видео жазуулар  орнотулат.


Мындан тышкары  аталган системанын жардамы менен сот процесстеринин катышуучуларынын  убакыттары  жана каражаттары   үнөмдөлүп, соттук жыйындын катышуучулары тарабынан тартип бузууларга бөгөт коюулуп, сот отурумдарынын протоколун  толук камсыз кылуу максатында, аудио жана видео протоколдоо программасы дагы киргизилет.


Аудио жана  видео жазуулар  менен   сот отурумдарын протоколдоо   аралыктан күбөлөр менен шектүүлөрдү суракка алып, аларды күзөткө алуу чыгымдарын бир топ азайтат.  Бул өз кезегинде  соттук иштерди кароонун оперативдүүлүгүн  көбөйтүп,   жарандар үчүн сот өндүрүшүнүн  ыңгайлуулугу жана  жеткиликтүүлүгү жогорулайт.


Белгилей кетүүчү жагдай, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик  кодексинин ченемдерин, “ Кыргыз Республикасынын сот тутумун  өнүктүрүү” максаттуу программасын  ишке ашыруу, ошондой эле сот тутумунун ачык-айкындуулугун камсыз  кылуу максатында сот отурум залдарына аудио жана видео жаздыруу системасын орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат.