KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кичи футбол – сот кызматкерлеринин арасында  күчтүүлөр   аныкталды  

29 января 2019

    Спорттун кайсыл түрү болбосун,  тынчтыктын, ынтымактын жана достуктун символу катары кызмат өтөп келет. Анын бир мисалы катары жакында эле футбол боюнча  Азия өлкөлөрүнүн биринчилигине    катышкан кыргыз футболчуларынын ийгиликтери  мамлекетибиздин баардык жарандарын бириктиргени да маалым .


      Сот кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү, жайылтуу жана ынтымакты бекемдөө  багытында жана жыл сайын салтка айланып калган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун   төрайымынын кубогуна карата республикалык мелдешке  даярдык  көрүү боюнча өткөн жылдан баштап, кичи футбол боюнча  Нарын облусундагы сот кызматкерлеринин кубогу уюшулган эле. Өткөн жуманын аягында Нарын облустук соту тарабынан уюштурулган турнир Нарын шаарында өткөрүлдү. Ага Нарын облусундагы шаардык, райондук соттордон башка Жалал -Абад облусунун Тогуз-Торо райондук  сотунун аппаратынын кызматкерлери дагы келип катышты.


    Мелдештин соңунда жарым финалга Нарын  облустук сот департаментинин алдындагы сот приставдарынын, Ак-Талаа  Ат-Башы  райондук сотторунун жана Нарын облустук сотунун сот кызматкерлеринин командалары өз ара бет келишти. Биринчи орунду сот приставдары, экинчи орунга Ак-Талаа райондук сотунун жана үчүнчү орунга Нарын облустук  сотунун  командалары ээ болушту.


      Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты чабуулчу” сыяктуу  номинациялар  боюнча да  татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушту.


     Нарын облусунун сот кызматкерлеринин арасында уюштурулган    бул турнир   мындан ары   ар бир квартал сайын   уланып, кезектеги турнир апрель айнда Кочкор райондук соту тарабынан уюштурулмай болду.


            Б.Белеков.


       Нарын облустук сотунун


       басма-сөз катчысы