KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев онлайн режиминде Кытай-ШКУ аймактык сотторунун судьяларынын экинчи форумуна катышты

01 сентября 2022

2022-жылдын 31-августунда Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Жогорку Элдик соту ШКУ өлкөлөрүнүн аймактык сотторунун ортосундагы соттук практиканын алмашуусу жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн соттук кызматташуу механизмдерин кеңейтүү максатында Кытай-ШКУнун аймактык сотторунун экинчи форумун онлайн режиминде өткөрдү.


Форумга ШКУга мүчө-мамлекеттердин облустук сотторунун төрагалары жана судьялары катышышты. Ошондой эле «ШКУнун алкагында аймактык соттордун ортосундагы соттук кызматташууну тереңдетүү» темасында сот адилеттигин өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары боюнча онлайн талкуулар болду.


Кыргыз Республикасынын сот тутумунун атынан Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев катышты.