KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук соту 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

23 сентября 2020

2020-жылдын 18-сентябрында Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишин жыйынтыктоочу кеңешме болуп өттү. Ага Ош облустук сотунун төрагасы А.Абдылдаев, облустук соттун судьялары, шаардык жана райондук соттордун төрагаларынын катышуусунда өткөрүлдү.


Кеңешмеде жергиликтүү соттордун 2020-жылдын 6 айында биринчи инстанция сотторунда бардыгы 732 жазык иштери каралып, анын ичинен  528 адамга карата айыптоо  өкүмү, 8 адамга карата актоо өкүмү чыгарылып, 254 иш кыскартылган, 4 иш боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуп, прокуратурага 10 иш кайтарылып, сотко караштуулугу боюнча 53 иш башка сотторго жиберилген.


Ал эми Ош облустук административдик сотунда 2020-жылдын 6 айында 744 административдик жана экономикалык иштер каралган.


Ошондой эле жарым жылда Ош облусунун биринчи инстанциядагы сотторуна жарандык иштер жана соттук материалдар боюнча жалпысынан  4443 иш каралып, анын ичинен 4022 жарандык иш жана 421 соттук материал толугу менен каралып бүткөн.


Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигин жүзөгө ашырууда орчундуу болгон жагдайлар, ишти кароонун сапатын  мындан ары да жакшыртуу, орун алган кемчиликтерди кайталабоо жана жергиликтүү соттордун АМСтин ишиндеги көйгөйлөр менен кемчиликтерди чечүү тууралуу көптөгөн маселелер талкууланды.


Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Ош облустук сотунун төрагасы А.Абдылдаев Ош облусунун судьяларын сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга чакырды.


 


                                                                       Ош облустук сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                          Исманова Н.