Эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, аруу тилек, ачык маанай менен тосуп, жалпы журтка жакшылык, ийгилик, бакыт-таалай тилешкен. Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду, өлкөнү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат.
Күн менен түн теңелип, Нооруз менен жазгы жандануу жерибизге ынтымак, биримдик, молчулук келсин!
Нооруз – жаңы мезгилдин башталышы, жаңылануунун символу, табиятка эле эмес, адамдардын үмүттөрүнө жаз тартуулаган кереметтүү ыйык майрам.
Кандай гана оор учурлар болбосун, биздин эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара алган.
Баарыңыздарга бекем ден -соолук, бакубат өмүр, ишиңиздерге ийгиликтерди жана алдыга койгон асыл ой, ак тилектериңиздин ишке ашуусун каалаймын.