KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Майлуу-Суу шаардык сотунун торагасы Майлуу-Суу шаардык аксакалдар сотторунун ишмердуулугу менен таанышты

26 июня 2020

Майлуу-Суу шаардык сотунун торагасы Муратали Турмаматов Майлуу-Суу шаардык сотунун имаратында Майлуу-Суу шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Насирдин Маматов жана аксакалдар сотунун мүчөсү Джолдошмамат Шабдановдор менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун максаты аксакалдар сотуна мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүүгө жана алардын жыл ичиндеги ишмердүүлүгү менен таанышып чыгууга багытталган.


Иш чарада үй-бүлөлүк чыр-чатактарды чечүү, ата-эненин балдарын багуу милдеттери жана алиментти өндүрүү иштерин айтып беришип, бул маселелерге байланышкан мыйзамдын нормаларына токтолушту.


Жолугушуунун  жыйынтыгында, Майлуу-Суу шаардык сотунун төрагасы Муратали Турмаматов Майлуу-Суу шаардык аксакал сотторуна иштерине ийгилик каалашып, мындан ары да мындай жолугушууларды өз-ара кызматташууну жакшыртуу үчүн мезгил-мезгили менен уюштуруп туруусу айтылып, макулдашылды.


 


                                                                Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы