KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева сот тутумунун сатылбастыгы Глобалдык түйүнүнүн ишке киргизилишине катышты

11 апреля 2018

 


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева  Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар  жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган сот тутумунун сатылбастыгынын Глобалдык түйүнүн ишке киргизүү боюнча иш чарага катышты.


Демилге 2015-жылы кылмыштуулукту жана кылмыш-жаза сот адилеттигин  алдын алуу боюнча БУУнун он үчүнчү Конгерсси тарабынан кабыл алынган Доха декларациясын ишке ашыруу боюнча Глобалдык  программанын бир бөлүгү болуп саналат. Декларация мүчө-мамлекеттердин   “ коррупцияны алдын алуу  жана ага каршы күрөшүү үчүн бардык аракеттерди көрүп, мамлекеттик администрацияда транспаренттүүлүктү  жогорулатууга  чараларды көрүү жана ак ниет жана сатылбастыкты  колдоо, ошондой эле коррупцияга каршы  Бириккен Улуттар Уюмунун  Конвенциясына ылайык  кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча  биздин системанын отчеттулугун ” жактай тургандыгын тастыктайт.


Глобалдык программанын негизги демилгелеринин бири катары курамына  дүйнө жүзү боюнча  сот органдарынын  өкүлдөрү кирген  сот тутумунда сатылбастык Глобалдык түйүнүн түзүү болуп саналат.


“Калыстык сот бийлигин жогорулатуу максатында күч-аракеттерди бириктирүү жана сот адилеттиги системасында  коррупцияны алдын алуу” сот тутумунда  сатылбастык Глобалдык түйүнүн ишке киргизүү иш чарасына  Ысык-Көл облусунун судьясы Анара Омуралиева, Түрменистан Республикасынын, Беларусь, Грузия, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана башка мамлекеттердин Жогорку сотторунун  өкүлдөрү катышты.


Иш чаранын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги пленардык отурумдар жана тематикалык  секциялык жыйындар өткөрүлдү. Секциялык жыйындарда  иштелип чыккан  сунуш-пикирлер  каралып, Глобалдык түйүндүн алкагында  сот органдарынын ак ниет жана сатылбастыгын бекемдөө жана үгүттөө максатында  судьялардын, сот органдары, сот ассоциациялардын жана башка кызыктар тараптардын  өз ара кызматташтыгынын тартиби талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө Сот органдарынын ак ниет жана сатылбастыгын  камсыз кылуу Глобалдык түйүнүнүн  структурасын  аныктай турган чөйрөнү бекитүү каралып, Түйүндүн алкагында ккелээрки  глобалдык кеңешмени өткөрүү мүмкүнчүлүгү, кийинки кадамдар  боюнча  чечимдер кабыл алынды. Ал эми жыйындын соңунда  сот   бийлигинин калыстыгы боюнча  Декларация кабыл алынды.


Белгилей кетүүчү жагдай,  иш чара  2018-жылдын 9-10 апрелинде  Австрия Республикасынын  Вена шаарындагы  Вена эл аралык борборунда өттү.