KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева Францияда өтүп жаткан тренингге катышууда

11 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Гульбара Калиева Франциянын Бордо шаарында  2019-жылдын 8 -12-июлга чейин Улуттук магистратура мектебинде өтүп жаткан тренерлер үчүн тренингдин ишине катышууда. Ошондой эле тренингге Жогорку соттун төрайымынын орун басары  Нургуль Асанова, Жогорку соттун судьясы, Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары жана аталган кеңештин  бюджеттик комиссиясынын төрайымы Чинара Садырова, Жогорку соттун судьясы Шералы Камчибеков, мындан тышкары мурдагы судьялар жана  Жогорку соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин  туруктуу окутуучулары Мадина Давлетбаева жана Эмиль Аксамаевдер катышууда.


Иш чара Европа биримдигинин“Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасы  тарабынан уюштурулган. Тренингдин максаты соттук даярдоо институтунун  ишмердүүлүгүнүн спецификасын эске алуу менен окутуу  иш чараларын  иштеп чыгуу. Мындан тышкары  тийиштүү ыкмаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктап, соттук даярдоо институтунун  спецификасын  эске алуу менен окутуу муктаждыктарын аныктоо жана башкалар бар.


Кыргыз делегациясын “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы”  Долбоорунун эксперти Радость Тофтисова-Матерон жана  улуттук  эксперт Залина Абдулхафизовалар коштоп жүрүшөт.


Тренингдин катышуучулары педагогикалык  комплекстүү долбоорлоо, тагыраак айтканда окутуу иш чаралары кантип даярдалып чыгарын таанышып, билимдин, билгичтиктин жана баарлашуунун көнүмдөрүнүн айырмачылыктарын окушту. Мындан тышкары  окутуунун комплекстүү  принциптерин жана баалоонун шарттарын  карашып талкуулашты. 11-12-июлда кыргыз делегациясы Улуттук магистратура мектебинин өкүлдөрү менен жолугушуп,  электрондук  окутуу маселесин карашып,  аталган мектептин структурасы жана алардын иши менен жакындан таанышып чыгышат.