2019-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Клиева Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) өкүлдөрүн каблы алды.
Жолугушууга Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова, IDLO уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия үчүн программалардын регионалдык менеджери Маргарита Милих, Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директору Фред Хьюстон, аталган уюмдун филиалынын кеңешчилери Дильбара Максимбекова, Нурлан Дуйшеев жана Нурлан Мусаевдер катышышты.
Жолугушууда бирдиктүү соттук практиканы түзүү, судьялар менен соттордогу аппарат кызматкерлерин жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча окутуу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле насаатчылык институтун өнүктүрүүнүн жолдору, биринчи жолу дайындалган судьяларды комплекстүү окутуу жагы каралды. Соттордогу автоматташтырылган маалымат системасын мындан ары өнүктүрүү, сот актыларынын мамлекеттик реестерин түзүү жана Жогорку соттун антикоррупциялык иштери талкууга алынды.
Жолугушуунун соңунда тараптар тыгыз кызматташтыкка кызыктар экендигин билдиришти.