KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева Казакстан Республикасынын судьяларынын VIII курултайына катышты

23 октября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 23-октябрында, Нур-Султанда Казакстан Республикасынын судьяларынын VIII  курултайы болду. Иш чарага Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун  төрагасы Шохиён Шермухаммад, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Козимджан Камилов,  Россия Федерациясынын  Жогорку сотунун  Төрагасынын  биринчи орун басары Петр Серков жана эл аралык эксперттер  катышышты.


Курултайда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев судьяларга  ЖМК жана социалдык  түйүндөр аркылуу басым жасалбашы керек экендигин айтты.


Иш сотко өтө электе эле, тергөө жүрүп жатса, ал эми айрым журналисттер жана блогерлер  абалды курчутуп, судьянын чечимин алдын ала айтып  чыгышат.Бул жерде  айрым укук коргоо органдарынын күнөөлөрү дагы бар. Анткени, алар кабыл алынган  чараларды  шашып жарыялап, адамдарды кылмышкер деп айыпташат.


Түндүк-Казакстан облусунун Шал акын райондук сотунун төрайымы Татьяна Курынова сот тутумун чырга айлантуу  туурасында  токтолду.


Судья кандай гана басым болбосун, калыс чечим чыгарышы керек. Мыйзамдуу чечим чыккандыгына карабай, сөзсүз бир тарап нааразы болот. Судьянын эмоциясы дагы бар, психологиялык жактан ага коомдун пикирине каршы чыгуу кыйынга турат, айрыкча, эгер ал жасалма жана атайылап түзүлгөн болсо.


Курултайда ошондой эле, сот тутумун өнүктүрүү, судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана көз карандысыздыгы, кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн катаал жазалоо жөнүндө жана башка маселелер талкууланды.