KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева Франциянын Улуттук магистратура мектебинин директору Оливье Лёран менен жолукту

11 июля 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 11-июлунда, Франциянын Бордо шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева менен Франциянын Улуттук магистратура мектебинин директору Оливье Лёран жолугушту. Жолугушуу  Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын колдоосу  менен   Улуттук магистратура мектебинде уюштурулган  тренерлер үчүн тренингдин алкагында өттү.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар  электрондук окутуу маселелерин талкуулап, сынактарды өткөрүү жана көнүмдөрдү ырастоо боюнча бөлүмдүн бет ачаары, ошондой эле баштапкы окутуулар, педагогикалык программаларды окутуу жана иштеп чыгууга багытталган  окуу бөлүмүнүн ишин карашты.


Мындан тышкары кыргыз делегациясы Улуттук магистратура мектебинде болуп, анын структурасы жана иши менен таанышышты.


Эсиңиздерге сала кетели, семинарга  Жогорку соттун төрайымынын орун басары  Нургуль Асанова, Жогорку соттун судьясы, Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары жана аталган кеңештин  бюджеттик комиссиясынын төрайымы Чинара Садырова, Жогорку соттун судьясы Шералы Камчибеков, мындан тышкары мурдагы судьялар жана  Жогорку соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин  туруктуу окутуучулары Мадина Давлетбаева жана Эмиль Аксамаевдер катышууда.


Белгилей кетүүчү жагдай, Улуттук магистратура мектеби – магистранттарды  кесиптик жактан даярдай турган жана кайра даярдап чыгара турган (судьяларды жана прокурорлорду) окуу жайы болуп саналат.