KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын өкүлдөрү менен жолукту

06 февраля 2019

2019-жылдын  5-февралында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Улуттук магистратура  мектебинин эл аралык департаменти, магистрат Мари Компэр, аталган долбоордун  менеджери Камий Пестр, Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын эксперти Радост Тофтисова-Матерон жана улуттук эксперти Залина Абдулхафизова, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы Сот  адилеттигинин жогорку мектебинин директору Раушанай Тургунбаева катышышты.


Сүйлөшүүлөрдүн  негизги максаты судьяларды даярдоону жакшыртуу боюнча  пикир алышуу болду.


Биринчи жолу  дайындалган судьяларды окутуу,  учурда иштеп жаткан судьялардын  квалификациясын жогорулатуу,  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин  статусун  анын  сот тутумундагы ролу жана  маанилүүлүгүнө жараша  күчөтүү, окуу модулдарын  баалоо боюнча  эксперттик топту түзүү,  окууларга тренер катары  жогорку профессионалдуу судьяларды тартуу,  насаатчылык институтун оптималдаштыруу жана башка  маселелер маектешүү учурунда талкууланды.


Төрайым  алгач жолу дайындалган судьяларды  Францияда окутуу  боюнча  Улуттук магистратура  мектебинин  тажрыйбасын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн ,  ошондой эле судьяларды окутууда  жана  электрондук сот өндүрүшүн киргизүүдө жардам көрсөткөндүгү үчүн  Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасына  ыраазычылык билдирди.


Жолугушуунун соңунда тараптар   мындан ары дагы  кызматташууга  кызыктар экендиктерин  белгилешти.