KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Венеция Комиссиясынын делегациясын кабыл алды

14 июня 2019

Бүгүн,  2019-жылдын 14-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Европа Кеңешинин  Венециялык комиссиясынын  регионалдык кызматташтык боюнча  бөлүмүнүн башчысы Сергей  Кузнецовду кабыл алды.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары  Айнаш Токбаева, Европа Кеңешинин  Венециялык Комиссиясынын  эксперттери: Юрие Чокан, Флоренс Гану, Александр Бурмагин, Сергей Кальченко  жана  Кыргыз Республикасындагы шайлоолор боюнча Венециялык комиссиянын  долбоорунун  узак мөөнөттөгү консультанты  – Гульмира Маматкеримовалар болушту.


Сергей Кузнецов Кыргыз Республикасында шайлоо системасын өркүндөтүү жаатында долбоорду ишке ашыруунун алкагында,  Европа Биримдигинин  каржылык колдоосу астында  Венециялык Комиссиянын делегациясы  Бишкек шаарында иш сапар менен жүрөт.


Жолугушуунун максаты  “Шайлоо реформасы аркылуу Кыргыз Республикасында демократияны бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун  жыйынтыктарын чыгаруу болду. Айтсак, тараптар шайлоо укуктарын өркүндөтүүгө байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты.


Мындан тышкары, башка багыттар боюнча кызматташуу жана  эки тараптуу өз ара байланыштарды бекемдөө  жана кеңейтүү жолдорун  сөз кылышты.