KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын өкүлдөрүн кабыл алды

21 февраля 2019

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева  Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын электрондук сот адилеттиги жана сотторду башкаруу боюнча эксперттери  менен жолугушту.


Жолугушууга Программанын  негизги эксперти Кристоф Копецки жана  улуттук эксперт  Гульнура Толеева, ошондой эле  Жогорку соттун Аппаратынын жетекчисинин орун басары  Эркин Искаков катышышты.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  электрондук сот өндүрүшүн  киргизүү боюнча  долбоордун иштеши,  соттордо автоматташтырылган маалымат системасын  колдонуу боюнча  аппарат кызматкерлерин окутуу жана жазык, жарандык, экономикалык жана административдик  иштердин  сот статистикасын жүргүзүү маселелерин  көтөрүштү.


Эсиңиздерге сала кетели, автоматташтырылган маалымат системасын  сот өндүрүшүндө  колдонуу, сот ишти кабыл алгандан тартып, чечим  чыкканга чейин жана андан ары даттануусун көзөмөлдөп,  документтештирүүнү  башкарууга  көмөктөшөт.


Бул  система   Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын ишмердүүлүгүнүн алкагында ишке ашырылып жатат.