2018-жылдын 27-ноябрында, Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча жетинчи форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева менен Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Валерий Калинковичтин эки тараптуу жолугушуусу болду.
Гульбара Калиева эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы активдүү кызматташтыктын позитивдүү тенденцияларын белгиледи. Жолугушуунун катышуучулары сот-укук багытында пикир алышышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар медиация, жашы өспүрүмдөрдүн ортосундагы кылмыштуулук, 2019-жылы жаңы кылмыш-жаза мыйзамдарынын кириши менен күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр туурасындагы маселелерге токтолушту.
Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү кызматташтыкты улантууну жана өнүктүрүүнү макулдашышты