KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын өкүлдөрүн кабыл алды

16 апреля 2019

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева  Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын негизги эксперти Кристоф Копецки жана  улуттук эксперт  Гульнура Толеева, Эссен шаарынын  жергиликтүү сотунун төрагасы Карл-Хайнц Волески, Германиянын  Бамберг шаарынын сотунун мурдагы төрагасы , отставкадагы судья Манфред Верт, ошондой эле Жогорку соттон  судья  Анархан Базаралиева жана Жогорку соттун Аппаратынын жетекчисинин орун басары  Эркин Искаков катышышты.


Жолугушууда тараптар  учурдагы  Кыргызстандагы статистикалык абалды   талкуулашты. Эссен шаарынын  жергиликтүү сотунун төрагасы Карл-Хайнц Волески Германиянын тажрыйбасынын негизинде, ал иштеген аймактын статистикалык абалынын  негизги  стратегиялык  жана  структуралык аспектилери  туурасында презентация жасады.


Г.Калиева Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын  колдоосу  менен учурда өлкөнүн биринчи инстанциядагы  бардык соттордо  автоматташтырылган маалымат системасы (АИС) ийгиликтүү иштеп жаткандыгын айтып, кийинки кадам бул системаны  экинчи инстанциядагы сотторго киргизүү керек экендигин белгиледи.


Төрайымдын айтымында, учурда автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу боюнча бир гана соттордун  аппарат кызматкерлерин эмес,  судьяларды дагы окутуу пландаштырылууда.


Тараптар статистикалык маалыматтарды жалпылоо, маалыматтардын базасын түзүү боюнча  иштерди уланта тургандыктарын ырасташты.


Белгилүү болгондой, иштерди электрондук каттоо жана электрондук эсептик –статистикалык карталарды түзүү боюнча  соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын, сот  системасындагы процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.