KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды

24 сентября 2018

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымын жана орун басарларды шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жалпы жыйынга 33 Жогорку соттун судьясы катышып, бир добуштан Гүлбара Утюровна Калиеванын талапкерлигин колдошту.


Андан сырткары үч орун басар шайланды:


Бокоев Каныбек Абдраевич — Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын;


Асанова Нүргүл Молдобековна — Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын;


Токбаева Айнаш Абдымановна — Административдик жана экономикалык иште боюнча соттук коллегиясынын.


kabar.kg