KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот отуруму айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин катышуусу жок өттү

15 октября 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 15-октябрында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевди  абактан мыйзамсыз  бошотуу боюнча алдын ала угуу соттук отуруму улантылды. Сот отуруму айыпталуучу А.Ш.Атамбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 275-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, ишти анын катышуусу жок кароо боюнча  өтүнүч келип түшкөндүгүнө байланыштуу,  айыпталуучу А.Ш. Атамбаевдин катышуусуз өттү.


2019-жылдын 15-октябрында соттук отурумда  айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу С. Слесарев тарабынан айыпталуучу А.Ш. Атамбаевге карата бөгөт  коюу чарасын жокко чыгаруу, кылмыш ишин токтотуу, К.О. Качкыналиевдин кызыкчылыгын коргогон  жактоочу У.С. Караев тарабынан кылмыш ишиндеги материалдарды ачыкка чыгаруу жөнүндөгү өтүнүчтөр берилди. Мындан тышкары  К.О. Качкыналиевдин бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жана кылмыш ишиндеги материалдарды ачыкка чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөр келтирилди.


Соттун токтому менен  жактоочулардын айыпталуучулар  Атамбаев жана Качкыналиевдин бөгөт коюу чарасын, кылмыш ишин токтотуу боюнча келтирилген  өтүнүчтөрү канааттандыруусуз калтырылды. Сот тарабынан  бул кылмыш иши боюнча кийинки соттук отурум  2019 — жылдын 16-октябрына саат 10:00го  белгиленди.