Бүгүн, 2018-жылдын 28-февралында саат 16-00до, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда кезектеги Пленум болот. Анда, эки токтомдун каралышы күтүлүп жатат.
— “Соттук чечим жөнүндө”;
-“Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин укук ченемдерин соттор тарабынан колдонуунун кээ бир маселелери жөнүндө”.
Жогоруда аталган токтомдор боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соттунун, Чүй облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун судьялары докладдар менен чыгышмакчы.