KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Соттордун басма сөз катчылары медиа мектепте окуп жатышат

11 ноября 2020

Бул күндөрү Бишкекте мамлекеттик органдар менен күч структуралардын басма сөз катчылары үчүн  үч күндүк тренинг  өтүп жатат. Ага Нарын, Ысык-Көл облустарындагы соттордун  жана жогорку сот ораганынын басма сөз катчылары катышууда.


Тренингдин уюштуруучулары бир нече маанилүү темаларды ачып беришти: радикалдашуунун маңызы, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамдар,  кастык тил  жана башкалар.


Сабактар бардык санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүлүүдө.


Окутууну Европа Биримдигинин каржылоосунун негизинде Internews эл аралык уюму ишке ашырган “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга туруктуулукту күчөтүү” аттуу долборунун алкагында “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштурууда.


Белгилей кетүүчү жагдай, ушундай эле окуу жакын арада Ош шаарында  өткөрүлгөн.