KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз таза жана адилеттүү сот-укуктук системаны түзүү боюнча коом алдында милдетти алдык

02 июля 2019

«Биз таза жана адилеттүү сот-укуктук системаны түзүү боюнча коом алдында милдетти алдык», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-июлда, өлкөдөгү сот-укуктук реформа маселелери боюнча кеңешмеде.


Кеңешмеде сотко чейинки жана соттук өндүрүштү санариптештирүү, «тергөөчү судья», «пробация» институттарын киргизүү маселелери, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, Бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүнүн учурдагы абалы талкууланды.


Мамлекет башчысы белгилегендей, сот-укуктук реформаны жүргүзүү коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу маселелери бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатканынан улам келип чыккан. Ал көйгөйлөрдү атап, жүргүзүлүп жаткан реформаны тездетүү чараларын активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.


«Укук колдонуучулар жаңы форматта иштөөгө өтүшпөй, ката кетирип коюудан коркушуп, жаңы өзгөртүүлөрдү колдонбой жатышат. Жооптуу адамдар ушул мезгилге чейин реформанын концепциясын түшүнбөй, кол астындагыларына убагында зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышпады. Айрым укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрү анын негизги багыттарын түшүнбөгөнү өкүнүчтүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Ал өлкөдө башталган сот-укуктук реформа кагаз жүзүндө эле калат деген жарандардын тынчсыздануусу пайда болгонуна көңүл бурду.

«Өткөн жылдын декабрында сиздер бардык пландалган иш-чаралар өз убагында ишке ашат, бардык тендерлер өткөрүлүп, жер-жерлерге жабдуулар коюлат, Кылмыштар жана Бузуулар реестрлери ишке киргизилет, интернет бүт жерге жеткирилет деп айткансыздар. Бирок реестр, санариптештирүү, тендер, электрондук жабдууларды орнотуу боюнча иштер аксап жатат», — деп белгиледи Президент.


Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жаңы кодекстерди ишке киргизүүдө мурдагы нормалар менен болгон карама-каршылыктарды жоюу иши бүтө электигин баса белгиледи.


«Айрымдар мыйзамдарды кайра карап чыгуу аркылуу эски практиканы калыбына келтиргиси келери мага белгилүү. Биз ага жол бербешибиз керек», — деди ал.

Президент бардык уюштуруу иш-чараларын өз убагында каржылоону камсыз кылуунун, бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун, жакынкы болочокто аткарылчу иштерди так пландоонун маанисин белгиледи.


«Каржылоону создуктуруу учурлары бар, реформа боюнча иш-чаралар планы жок. Бирок жалпысынан алганда реалдуу проблемалар анча деле көп эмес. Аларды чечүү үчүн кошумча аракеттер керек, принципиалдуу тоскоолдуктар жок. Сиздер отчет берүү менен эле кутулуп кетем деп ойлобогула. Бул реформа аягына чыкмайынча, анын натыйжаларын жарандарыбыз жон териси менен сезмейинче — силерге тынчтык бербейм. Бул реформа өлкөбүз үчүн өтө керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


Кеңешмеде эксперттик иш тобунун мүчөлөрү Гүлмира Маматкеримова, Лейла Сыдыкова, Тахмина Ашуралиева, Богатырь Сапарбаев 2019-жылдын биринчи жарымында жер-жерлерде соттук-укуктук реформаны илгерилетүү боюнча ишке тартылган мамлекеттик органдардын ишмердигин мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен тааныштырышты.


Алар төмөнкүлөрдө жетишсиз жумуш жүргүзүлүп жатканын белгилешти: мамлекеттик органдар тарабынан, анын ичинде укук колдонуучулар жана мамлекеттик органдардын жетекчилерин окутуу боюнча уюштуруу чараларынын төмөндөшү, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин спецификасы боюнча сапатсыз жабдууларды сатып алуу (компьютерлер, тергөөчүлөрдүн кабинеттери үчүн видекамералар), пробация системасын түзүүнүн жай болушу, сот-укуктук реформанын иш-чараларына донорлордун жардамын тартуу.


Ошону менен бирге өздөрү көзөмөлдөгөн багыттар боюнча Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев чыгып сүйлөштү.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ишке тартылган мамлекеттик органдарга өлкөдө соттук-укуктук реформанын жүрүшүн тездетүү боюнча тийиштүү протоколдук сунуштар жана тапшырмалар берилди.


Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөтүнө ыкчам тартипте Жол картасын иштеп чыгууну жана аны мындан ары илгерилетүүнү камсыздоону тапшырды.

Келерки ушундай кеңешме, Президенттин тапшырмасына ылайык, 2019-жылдын октябрь айында өтөт.


Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстанда жаңы институттарды киргизүүнү, тергөө бөлмөсүн жана сот отурумдары өтүүчү залдарды санариптештирүүнү ж. б. караган жаңы 5 Кодекстер жана 2 мыйзамдар күчүнө кирген.


Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси боюнча соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды натыйжалуу аткарылышын мониторинг кылуу боюнча атайын эксперттик жумушчу тобу түзүлүп, иштеп жатат.