KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту

31 декабря 2019

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.


2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки 2020-жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.


Мамлекет башчысы келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бутактарынын эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында өтүп бараткан жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, аймактык өнүктүрүү мамлекеттин саясатын, санариптик трансформация жана соттук-укуктук реформаны жылдырууда сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.


«Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутактарынын ишмердиги ошондой эле Кыргызстандын жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.


Президент Сооронбай Жээнбеков үч бийлик бутактарынын жетекчилерине бекем ден соолук, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалады.