KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Айрым жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

09 августа 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 9-августунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы Жарлыктары менен дайындалышкан айрым жергиликтүү соттордун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда салтанаттуу түрдө ант беришти.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп биринчи ирет беш жылдык мөөнөткө:


— Жалал-Абад облустук сотуна:


Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович;


— Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна:


Эралиев Талайбек Каскаевич дайындалышты.


Курагынын чегине жеткенге чейин


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотуна:


Асанбаев Нуркалый Жумабекович;


— Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна:


Каипова Нурила Кочкоровна дайындалышты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Нурлан Мусаев дайындалган судьяларды куттуктап, антына ишенимдүү болууга чакырды.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын дайындалган судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу ант берген күндөн тартып башталарын белгилейбиз.