KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна дайындалган судьялар ант беришти

29 июля 2019

2019-жылдын  29-июлунда,   Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 25-июлундагы  ПЖ № 97  Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.


Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  25-июлдагы  ПЖ № 98 Жарлыгы судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  Жалал-Абад облустук сотуна  — Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич, Ош облустук сотуна — Масабирова Тарифа Жаанбаевна, Пирматов Каныбек Алимканович, Талас облустук сотуна — Алдашов Азамат Зарылбекович, Иманалиева Айнура Касымбековна, Курманбаев Жекшеналы Анарбекович, ошондой эле Бишкек шаардык сотуна  — Маматалиева Айнура Сайбидиновна жиберилди.


Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.