Жогорку Кеңеш Күмүшбек Жоомартовду, Нурланбек Атаназаровду, Инара Гилязетдинованы, Нурмамбет Эшалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайлашты.
Шайланган судьялар Жогорку Кеңеште ант беришти.
“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 5-статьясына ылайык, Жогорку соттун судьялары антты Жогорку Кеңешинин жыйналышында алар шайланган күнү беришет.