KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун басма сөз катчыларын окутуу уланууда

29 июля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 29-июлунда, Бишкекте сот тутумунун басма сөз катчыларын окутуунун экинчи үч күндүгү башталды.


Медиа эксперттер Марс Тулегенов жана Марат Токоев басма сөз кызматтардын ишмердүүлүгүндө коомдук тармактарда мультимедиалык аспаптарды колдонуу менен коомдогу чыр-чатактуу абалды басаңдатуу жана маалыматтык каршылык көрсөтүү ыкмаларын окутушат.


Мындан тышкары басма сөз катчылар ЖМК менен байланыш түзүү, санарип  коопсуздугу,  кастык тили, троллинг, чагымчыл, терс маалыматтарга өз убагында көңүл буруу жолдорун өздөштүрүшөт


Белгилей кетүүчү жагдай аталган окутууга Жогорку соттун басма сөз кызматы, аймактардагы жергиликтүү соттордун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Сот департаментинин басма сөз катчылары катышышат.


Эске сала кетсек, сот тутумунун басма сөз катчыларын окутуунун биринчи  бөлүгү 2021-жылдын 15-17-июлдарында болгон.


Аталган тренинг  USAID-IDLOнун «Ишенимдүү сот» программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматы тарабынан уюштурулган.