KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу куралдарын  иштеп чыгуу жана экспертизалоо стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүүдө

13 мая 2022

Бүгүн, 13-майда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2022-жылдагы Окуу планына ылайык, “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгү 2-фаза” Программасынын  колдоосу менен   жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу куралдарын  иштеп чыгуу жана экспертизадан өткөрүү стандарттарын иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барууда.


Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу куралдарын иштеп чыгуу жана экспертизалоо стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отурумдары төмөнкү курамда өткөрүлөт: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Маргарита Мельникова, Нурланбек Атаназаров, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров,   Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эльмира Байтикова, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары Анархан Базаралиева жана Гульнара Дуйшенбекова.


Аталган  документ Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу куралдарын иштеп чыгуунун учурдагы абалына баа берүүгө жана окуу куралдарын иштеп чыгуунун стандарттары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна экспертиза жүргүзүүнүн бирдиктүү стандарты Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келүүсү боюнча  сунуштарды берүүгө багытталган.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин басма сөз катчысы Азимжан Бейшебаев