Имараттын салтанаттуу ачылышы 2019-жылдын 29-ноябрында болуп өттү. Ага Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Ош, Жалал-Абад облустук сотторунун төрагалары, Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарлары, Баткен облусунун судьялары, прокурорлору жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты.
Ачылуу аземде алгач эле Кадамжай райондук сотунун төрагасы Жаныбек Момбаевге сөз берилип, имарат 10 айда курулуп бүткөнүн ага республикалык бюджеттен 14,3 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди.
Ошондой эле, төрага жаңы имаратта сот ишин жүргүзүүгө бардык шарттар бардыгын белгилеп, акыркы убакта сот тутумуна өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканын айтып өттү.