KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун кадр кызматкерлерине семинар болуп өттү

27 декабря 2018

26-декабрда 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигин жогорку мектептин окуу залында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун  кадр кызматындагы кызматкерлерге  сот тутумунун негизги иши жана ушул багыт боюнча бир күндүк семинар болуп өттү.


Тренер катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери жана мансаптык пландаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси Жанара Иманалиева чыгып сүйлөдү.


Кадр документтери дайыма өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, ошондуктан кызматкерлер тарабынан алардын компетенттүүлүгү абдан маанилүү.


Семинар акыркы жаңылануулар жөнүндө билим жана маалымат алуу, ошондой эле ушул тармакта компетенттүүлүк, кесипкөйлүктү жогорулатууга багытталган.


Семинардын ишинде актуалдуу маселелери катары: ишин баалоо, мамлекеттик кызматкердин  этикасы, кадр иштери (сынак, ротация жүргүзүү, жеке иштер) чыр-чатактарды башкаруу ж. б. талкууланды


Кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү – бул кадрларды башкаруу органдарынын ичиндеги жана анын чегинен тышкары персоналдарды которуу, жумуш убактысын эсепке алуу, эмгек тартиби менен байланышкан ж.б. документтердин иштөөсүн, жүгүртүүсүн үзгүлтүксүз камсыз кылган система.


Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар берилди. Иш чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2018-жылдын Окуу планына ылайык уюштурулду.