Талас районунда сот кызматкерлери арасында спортту өнүктүрүү максатында облус боюнча соттор жана сот кызматкерлери арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча турнир уюштурулду.
Турнир Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү жылына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.
Спорттук мелдештин жүрүшүндө биринчи орунду Талас райондук сотунун командасы ээлесе, экинчи орунду Талас облустук соту камсыздап, үчүнчү орунду Талас облусунун райондор аралык соту багындырган.
Ал эми волейбол боюнча биринчи орунду Манас райондук соту алса, экинчи орунду Талас шаардык соту менен Талас облусунун райондор аралык сотунун курама командасы багындырса, үчүнчү орунду Бакай-Ата райондук сотунун командасы ээледи. Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр кубоктор жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.