KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сот Winrock International долбоорунун өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрүштү

22 октября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Жаныл Мамбеталы жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчиси Эркин Мамыров Кыргыз Республикасындагы  ЮСАИД  Миссиясынын Winrock International  профилдик долбоорунун өкүлдөрү: Кыргызстан боюнча өлкө координатору  Медер Дастанбеков жана долбоордун адиси Кымбат Омурзаковалар менен онлайн жолугушуу өткөрүштү.


Онлайн жолугушууда долбоордун өкүлдөрү “Борбор Азиядагы  коопсуз миграция” долбоору жана адамдарды сатууга каршы күрөшүүдөгү жазык сот адилеттигинин катышуучуларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча долбоордук иш чаралар туурасында кыскача бет ачар кылышты.


Тараптар  адамдарды сатууга байланышкан  иштерди кароонун практикасын жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен потенциалдуу кызматташуу, ошондой эле мындай иштерди кароодо  судьялардын потенциалын жогорулатуу боюнча талкуу жүргүзүштү.


Мындан тышкары адамдарды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө каршы күрөшүү  багытындагы  соттук практиканы жалпылоого көмөктөшүү маселеси каралды.


Жолугушууда адам сатууга байланышкан кылмыштардын эл аралык жана дүйнөлүк өсүштөгү мааниси, бул көйгөйдүн  актуалдуулугун  ырасташты. Ошондой эле,  аталган маселе боюнча  мындан ары дагы  кызматташууну уланта тургандыктарын макулдашышты.