KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин угуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү

18 марта 2019

Бүгүн,  2019-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумдар залында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин угуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат орундарына талапкерлерди окутуу программасы боюнча 2018-жылдын 10-сентябрынан баштап, 2019-жылдын 1-мартына чейинки мезгилде окуудан өткөн жана ийгиликтүү бүтүрүү экзамендерин тапшырган угуучуларга сертификаттар тапшырылды.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын  орун басары  — Асанова Нургуль Молдобековна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын соттор Кеңешинин мүчөсү – Садырова Чинара Идирисовна, Кыргыз Республикасынын ардактуу юристи, отставкадагы судья — Гутниченко Лариса Викторовна, отставкадагы судья, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун сот тажрыйбасын жалпылоо жана сот статистикасын анализдөө жана камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы —  Эралиева Расия Идирисовна,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары — Саякбаев Максат Бердибекович, Өнүгүү укугу боюнча эл аралык  уюмунун   (IDLO) директору Фред Хьюстон , IDLOнун кеңешчиси — Максимбекова Дилбара Ибрахимовна катышышты.


Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасындагы Сот тутумунун тарыхында биринчи жолу судьялык кызмат ордуна талапкерлерди окутуу  2011-жылы башталган жана 2017-2018-жылдары кайра жанданган. Аталган программанын алкагында  2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүн  кошкондо  126 угуучу окуп, аларга сертификаттар тапшырылды.


Асанова Нургуль Молдобековна өз сөзүндө Сот адилеттигинин жогорку мектебинин угуучуларын окууну аяктап, квалификациялык сынакты ийгиликтүү тапшырышкандыгы менен куттуктап, угуучулар  бул мектептен эң чоң  билимге ээ болгондугун, ар дайым өзүңөргө ишенип, судья болом деген максатыңарга жеткиле,- деди. Ошондой эле, окутуу процессинде өз билимин жана эмгектерин жумшап, иш тажрыйбасы менен бөлүшүп окуткан тренерлерге,  өзүнүн судьялык негизги иши менен бош эместигине карабай, өткүрүлгөн сынакта, угуучулардын билимин баалодо комиссиянын мүчөсү болуп  катышкандыгы үчүн квалификациялык сынактын комиссия мүчөлөрүнө,ошондой эле техникалык  жактан колдоо көрсөткөндүгү үчүн IDLO долбооруна ыраазычылыгын билдирди.


Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрү менен IDLOнун башчысы  Фред Хьюстон, Гутниченко Лариса Викторовна, Эралиева Расия Идирисовна и Садырова Чинара Идирисовна сөз сүйлөштү.


Салтанаттуу иш-чаранын аягында угуучулар Сот адилеттигинин жогорку мектебинин тренерлер курамына, квалификациялык сынактын мүчөлөрүнө, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдирип, азыркы алган теориялык жана практикалык билимдерин келечекте татыктуу колдонушарын айтышты