Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби 2019-жылдын 17-июнунан 10-июлуна чейин Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондук соттору, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Сокулук райондук соттору, Ош шаардык соту жана Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун “үч” судьясынан, судьянын жардамчыларынан жана сот отурумунун катчыларынан, 72 катышуучудан турган он бир группа үчүн иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук –статистикалык карталаны түзүү маселеси боюнча пилоттук тренингдери өткөрүүдө.
Пилоттук тренингдер көрсөтүлгөн мезгилде үч компьютердик залда: Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Ош мамлекеттик университетин жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Окуу борборунун компьютердик класстарында бир убакытта өткөрүлөт.
Укуктук эксперт катары Ош облусунун экономикалык иштер боюнча район аралык сотунун төрагасы – Сарыбаев Б.А., Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун суьясы – Узакбаев А.Н. жана Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьясы – Сабырова Ж.Ж. чыгышат. Ошондой эле тренерлер катары 2019-жылдын 22-апрелинен 26-апрелине чейинки аралыкта аталган маселе боюнча тренерлер үчүн тренингден (ТоТ) өткөн сот тутумунун кызматкерлери чыгышат.
Белгилүү болгондой, «Соттордун АМС» — бул биринчи инстанциядан баштап жергиликтүү соттордо сот өндүрүшүнүн бардык түрлөрүн соттук иштерди башкаруу үчүн борборлоштурулган электрондук тутум, ал сот өндүрүшүнүн баардык стадияларында соттук иштерди аныктоо мүмкүнчүлүгү гана эмес, соттордун кызматкерлери, колдонуучу үчүн ыңгайлуу шартта соттук териштирүүнүн тараптары жана иштери жөнүндө жалпы маалыматка жетүүгө шарт түзөт, ошондой эле автоматтык түрдө иштерди бөлүштүрүү жана статистика үчүн зарыл болгон отчетторду иштеп чыгат.
Тренинг Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2019-жылга карата Окуу планына ылайык, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасы жана Кыргыз Республикасында Укукту өнүктүрүү боюнча Эл аралык уюму (IDLO) менен биргеликте уюштурулду.