KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун кызматкерлери жер-жерлерде ишембилик өткөрүштү

12 апреля 2021

Өлкөбүздүн шаарларынын жана аймактарынын санитардык абалын, инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында жарыяланган жалпы республикалык ишембиликке сот тутуму дагы жигердүү катышып жатат.


Бишкек шаарындагы Ленин жана Октябрь райондук сотторунун кызматкерлери соттордун имараттарынын тегерек-четин акыр-чикирден тазалап, жашыл аянтчалардагы көчөттөргө кам көрүшүп, газондорду иретке келтиришти.


Жалал-Абад обусундагы Таш-Көмүр жана Жалал-Абад шаардык сотторунун, Тогуз-Торо райондук  сотунун судьялары жана кызматкерлери жарыяланган ишембиликтин алкагында соттордун имараттарынын айланасындагы аймактарды иретке келтиришип, иш бөлмөлөрүн тазалашты.


Нарын областынын Жумгал, Ат-Башы жана  Кочкор райондук соттору өздөрүнө бөлүнүп берилген жер тилкелерде жана сот органдарынын имараттарынын аймактарында ишебилик өткөрүштү. Таштандылардан тазаланып,  ошону менен бирге, Жумгал райондук сотунун имартынын тосмосу сырдалды.


Ош облустук сотунун судьялары жана кызматкерлери көп жылдык гүлдөрдү отургузушса, ал эми Араван райондук сотунун аймагында балатылар тигилди.


Чүй облустук сотунун кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагында болуп өткөн жалпы республикалык ишембиликке катышышты. Бактардын көчөттөрү менен гүлдөр отургузулуп, эстеликтердин тегерек-чети жашылдандырылып, таштандылар менен түшкөн жалбырактардан, чырпыктардан тазаланып, ташып чыгарылды.


Баш калаабыздын райондорунун сот аткаруучулары жана Сот  департаментинин облустук башкармалыктарынын кызматкерлери да четте карап турбастан, ишембиликке катышууда. Сот  департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери соттун имаратынын аймагын таштандылардан тазалап, көрктөндүрүштү.  Панфилов районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучулары райондук соттун аппарат кызматкерлери менен бирге ишембилик өткөрүшүп, имараттын аймагына балатыларды отургузушту.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери өздөрүнүн имаратынын тегерек-четин тазалашты.