KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Райондук сот ачык эшиктер күнүн өткөрдү

19 марта 2020

Жакында Нарын райондук соту “Кыргыз Республикасынын сот системасы жана реформанын натыйжалары” — деген темада ачык эшиктер күнүн өткөрүштү. Ачык эшиктер күнүнүн меймандары Нарын районундагы Орто-Нура айылынын Б.Бекжанов атындагы орто мектебинин 8-жана 10-классынын окуучулары болушту.


Окуучуларды райондук соттун төрагасы Р.Калдыбаев менен судья Э.Болотбеков кабыл алышып, соттук реформанын алкагында жүрүп жаткан иштер, жаңы кабыл алынган кодекстер, санариптештирүү, автоматташтырылган маалымат системасынын киргизилиши сыяктуу маселелер боюнча кеңири маалымат беришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар өздөрүн түйшөлткөн суроолорун беришип, алар боюнча тиешелүү жоопторду  алышты. Мындан сырткары келечекке кесип тандоо боюнча да ой максаттар ортого салынып, өз элинин мыкты уул-кыздарынан болуп өсүүлөрү үчүн акыл-насааттар айтылды.


Жолугушуунун соңунда райондук соттун төрагасы Р.Калдыбаев окуучуларды Нарын райондук сотунун имараты, анда иштеп жатышкан аппарат кызматкерлери менен тааныштырып, сот имаратында чакан экскурсия жасалды.


Мектеп окуучулары биринчи жолу сот имараты менен таанышкандарын, башкача сезимдерге ээ болушканын, башкысы сот тутуму боюнча маалыматтары кеңейгенин айтышып, жолугушууну уюштурушкан райондук соттун жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.


Нарын облустук сотунун


басма-сөз кызматы