KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров Казакстан Республикасынын Конституциясынын 25 жылдык мааракелүү медалы менен сыйланды

01 октября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 1-октябрында, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын  жана  Ыйгарым укутуу Элчиси Кайрат Нурпеисов  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчиси  Эркинбек Мамыровго                    “ Казакстандын Конституциясына 25 жыл” мааракелүү медалын  тапшырды.


Бул медаль  Э.Т. Мамыровго  Казакстан Республикасынын  Президенти  К.Ж. Токаевдин  Казакстан Республикасынын Конституциясынын  25 жылдыгына карата  Жарлыгынын негизинде берилди.


Белгилүү болгондой, аталган сыйлык  Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууга,  Казакстан Республикасынын  конституциялык негиздерин жана түзүлүшүн  өнүктүрүүгө, адамдын жана жарандын  конституциялык укугун жана эркиндигин  коргоого салымын кошкон, ошондой эле Казакстан Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгына карата  Казакстан Республикасынын  жана  чет элдик жарандарга тапшырылып келет.