KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Өзгөчө абалга байланыштуу Нарын облустук соту маалымат берди

30 марта 2020

Коронавирус илдетине байланыштуу  өлкөбүздөгү   өзгөчө абалдын киргизилгендигине  байланыштуу соттук  отурумдарды өткөрүүнүн   тартиби, тараптардын сот отурумдарына  катышуусу, жана башка  учурдагы келип чыккан маселелердин тегерегинде  Нарын облустук теле көрсөтүүсүнун түз эфиринде  жарандарыбызга  маалымат берилди.


Аталган  көрсөтүугө  Нарын облустук сотунун  жазык иштери боюнча  төраганын орун басары Азамат Койлонбаев менен жарандык иштер боюнча  төраганын орун басары  Гүлсүн Арзыкулова катышып,суроолорго жооп беришти.


               Нарын облустук сотунун


                Басма сөз кызматы