KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

С. Жээнбеков: Соттук–укуктук реформаны ишке ашырууда Өкмөт, укук коргоо органдары, прокуратура жигердүү колдошу керек

11 апреля 2019

Бүгүн, 2019 –жылдын  11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Жогорку Кеңештин алдында чыгып сөз сүйлөп,  өлкөдө  соттук-укуктук реформа жүрүп жаткандыгын белгиледи.


Жогорку Кеңештин жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара  Калиева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган  өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар катышышты.


Мамлекет башчысы өз сөзүндө  соттук-укуктук  реформанын негизги багыты — сот, прокуратура жана башка күч органдарындагы иштер мурдагыдай көмүскө болбойт деп  айтты. Тиешелүү жаранга тергөөнүн жүрүшү, сот процессинин этаптары менен таанышуу жеткиликтүү болот. Сот жана укук коргоо органдарынын ишине видеобайкоо киргизилүүдө, бул алардын ишинин ачыктыгын камсыздайт, деп белгиледи.


Президент өткөн айда соттордун съезди болгондугун, башка чөйрөдөгү пландарды ишке ашыруу үчүн көп учурларда сот реформасынын кечиктирилгени кедерги болгону айтылгандыгын кошумчалады.


Кемчиликтердин баары ачык айтылып, реформаларды кынтыксыз аткаруу боюнча милдеттер белгиленди. Сот-укуктук реформа — мамлекеттин өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этүүчү процесс. Реформанын аткарылышы — менин жеке көзөмөлүмдө. Соттук–укуктук реформаны ишке ашыруу сот бийлигинин негизги милдети. Өкмөт, укук коргоо органдары, прокуратура бул реформаны жигердүү колдошу керек, деп баса белгиледи мамлекет башчысы.