Бүгүн, 2021-жылдын 24-сентябрында, Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын он алтынчы Кеңешмеси өз ишин баштайт.
Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында видеоконференц байланыш аркылуу өткөн Кеңешмеде тараптар төмөндөгү маселелерди талкуулашат:
— бейтарап жана арбитраждык соттордун чечимдерин аткаруу практикасы;
— ШКУга мүчө-мамлекеттердин жазык мыйзамдарын гумандаштыруу. Оң жана терс жактары;
— сотторду санариптештирүү жана сот адилеттигин ишке ашыруу процессинде IT- технологияларын колдонуу;
— ювеналдык юстиция жаатында ШКУга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы. Жашы жетпеген балдардын катышуусу менен келип чыккан талаш-тартыштарды кароо боюнча сотторду түзүү практикасы;
— массалык маалымат каражаттары жана сот системасы. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда массалык маалымат каражаттарынын таасири;
— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча сот практикасы жана башка маселелер.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.
Белгилей кетсек, ШКУнун хартиясында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн 2006-жылы ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын өз ара аракеттенүү институтун түзүү маанилүү кадам болгон.
ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси ШКУнун Хартиясы, ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын иштөө регламенти жана ШКУнун жол-жобо эрежелери менен жөнгө салынат. 2006-жылдан тартып Жогорку сотторунун төрагаларынын 15 жыйналышы өткөрүлүп, бүгүн он алтынчы кеңешме Бишкекте өткөрүлүп жатат.
Маалымдама:
2006 — жылдан тартып 15 жыйын өткөрүлдү:
— 22 сентябрь 2006 — жыл, Шанхай;
— 12-апрель 2007-жыл, Москва жана Санкт-Петербург;
— 20-Май 2008-жыл, Астана;
— 9 сентябрь 2009-жыл, Чолпон-Ата;
— 28-май, Душанбе;
— 18-19-октябрь 2011-жыл, Ташкент;
— 25-апрель 2012-жыл, Пекин;
— 19-20-февраль 2013-жыл, Москва;
— 4-5-сентябрь 2014-ж., Астана;
— 3-6 сентябрь 2015-жыл, Бишкек;
— 22-сентябрь 2016-жыл, Душанбе;
— 25-27 октябрь 2017-жыл, Ташкент;
— 2018- жыл, 25-27-май Пекин;
— 2019-жыл 17-19 -июнь, Сочи;
— 2020-жылдын 30-октябрында Казакстан Республикасынын төрагалыгы менен видеоконференция форматында;
— 2021-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы менен видеоконференция форматында өтөт.