KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот тутумун каржы—чарбалык жактан камсыз кылуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн семинар

10 апреля 2019

8-апрелде сот тутумун каржы—чарбалык жактан камсыз кылуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн бухгалтердик учёт жана аталган багытта мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча 2 күндүк семинар өтүп жатат.


Аталган  иш – чаранын максаты сот системасындагы бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өркүндөтүү болуп саналат.


Сот адилеттигинин жогорку мектебинин судьялардын жана сот тутумундагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы-Сальпиева Нургуль Шаршенбековна, Кыргыз Республикасындагы өнүгүү укуктары боюнча эл аралык уюмдун филиалынын (IDLO) директору  — Фред Хьюстон, Кыргыз Республикасындагы өнүгүү укуктары боюнча эл аралык уюмдун филиалынын (IDLO) кеңешчиси — Дуйшеев Карыбек Арстанбекович  саламдашуу сөздөрү менен семинарды ачышты.


Семинарда тренерлер катары аудитор, салык консультанты, CIPA, «Аудит плюс» компаниясынын директору — Ускенбаева Г.Т., USAID/IDLO программасынын эксперти – Касымов К.К.,  Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар Департаментинин экс-директору – Озумбеков У.Д. чыгышат.


Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан 2019-жылдагы окуу планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасындагы өнүгүү укуктары боюнча  эл аралык уюмдун филиалынын колдооосу менен өткөрүлүп жатат.